Белек берүү - сүйүү жана мээрим билдирүүнүн эң мыкты жолу 🎁💖

23 февраля 2026 №99939 Дордой
R00001779 код поставщика в Базе Поставщиков рынка Дордой
Розница: Нет
Опт: Нет

Белек берүү - сүйүү жана мээрим билдирүүнүн эң мыкты жолу 🎁💖

Белек берген кандай жакшы э туугандар, берүүчү алуучунун көңүлүн көтөрүү үчүн чын жүрөктөн кылат. Алуучунун сүйүнүчүн айтпаң) кандай жакшы иш. Кичинекей эле белек менен ата-энеңди, балдарыңды, жубайың, күйөөңдү, тууганыңды, досуңду, канчалык кубантып, жүздөрүнө күлкү, көздөрүнөн сүйүнүч мээримин тартуулап ыраазычылык аласың!

Эгерде жубайыңа белектерди кылып турсаң дайым ортодогу сүйүү, жылуулук, сый урмат күчөп, бактылуу болушуңуза себеп болот! 🎊

Эгерде балдарыңа белек кылып турсаң аталык мээримиң күчөп ата-бала ортосунда түшүнү, курсанчылык, кубаныч болуп үй-бүлөөдө күлкү жаңырып жашооң бакыттын көлүндө сүзөт… 🌊

Эгерде досторуңа, туугандарыңа белек берип турсаң ортодо карым-катнаш, ынтымак, кубаттаган күчүң, жакшылык жамандыгыңда колдогондор көп болот… 🤝

Мына кичинекей эле белек менен кандай жакшы иштер бүтүп, жашооңдо ырахат алып жашасаң болчуудай)!

Пайгамбарыбыздын (саллиллоху алейхи васаллам) сөздөрү

🎁 Пайгамбарыбыз белек беришүүгө аябай зор маани берчү. Белек беришүү жакшы көрүү сезимин арттырат. Ал: “Өз ара белек алып беришкиле! 🎁💐 Белек алып беришүү - жүрөктөгү жек көрүү сезимин жоготот” - деп айткан.

📿 Белек тартуулоодо ыраазычылык билдирүү да маанилүү. “Кимге белек тартууланса, ал да белек тартуулаган адамга белек берсин. Эгер бере албаса, анда ыраазычылык билдирдирсин. Ким ыраазычылык билдирсе, ал рахмат айткан болот”.

📕 Пайгамбарыбыз (с.а.в) келген кишилерге белек берээр эле. Ал: “Силер менен кездешүүгө келген кишилерге мен сыяктуу белек бергиле” - деп айткан. 🍬🍎🍇

Айткандай, белек алганды жакшы көрсөңүз бергенди да унутпаңыз!

Дата 23.02.2026
Спросить